зымылда

китептерде 15 жолу, 6 китепте
  1. Зыпылда, зымыраган катуу жүрүштө болуу.
  2. Таза, зымпыйган иреттүү көрүнүштө, жымылдаган тегиз абалда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…өндө керип чалкалап, / Найзасын күүлөп булгалап, / Манжулап Бодоң бакырып, / Кирип келди кысталак, / Бекбачаны качырып, / Бекбачаны карасаң, / Ак мейкин зоодой зымылдап, / Асмандагы жылдыздай, / Эки көзү балбылдап, / Өңкүр кабак үнү ачуу, / Жетисуудан жем жеген, / Умтулганын узатпас, / Желбегей Сыргак бүркүттөй, / Алгыр бүркүт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ркырап, / Зыркаар жүрүп эпкиндеп, / Шамал чыгып дыркырап, / Төбө чачтар үрпөйүп, / Сакалдары үксөйүп, / Муруттары бириндеп, / Этектери дирилдеп, / Зым-зым этип зымылдап, / Салтанаттуу Кененим, / Ак мейкин зоодой зымырап, / Жер бетинде айбандар, / Курт-кумурска көп жандар, / Коркконунан кобо албай, / Былк этпей жатат кыбырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чыга калса кашатка, / Көпүрө турат заңгырап, / Көз тайгылып жиги жок, / Келишкен экен зымылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Козголуп койбойт кыбырап, / Карап турат зымырап, / Көргөн жанды таңдантып, / Көк мейкин зоодой зымылдап, / Кездемдин боосун чубалтып, / Кез керип найза чунайтып, / Тапакка чокмор чаптырбай, / Телкүрөң менен чубатып, / Оң колтуктан көтөрө, / Сайып өттү Тапакты, / Ат үстүнөн сулатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кайыпчынын тоосу деп, / Үстү арсак аппак тоо, / Этеги кырка кызыл зоо, / Салаңдап келген тумшукта, / Туташкан түздө урчукта, / Керкилеп кертип чапкандай, / Жиптен керип тарткандай, / Зымылдаган зоо эле, / Зоону түптөп келатып, / Жоголуп кетти бир демде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →