зым

китептерде 22 жолу, 9 китепте
  1. Электр тогун өткөрүү, бир нерсени ороо, таңуу, байлаштыруу сыяктуу ар кандай керектөөлөргө ылайыкталган, айрым музыкалык инструменттерге колдонула турган жип сымал ичке жумуру металл.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Зым-зым этип зымырап, / Манжулардын чоң Бодоң, / Эч нерсени элебей, / Эр Бекбача жолборсту, / Бучкагына теңебей, / Бекбачаны баш кылып, / Кетемин деп талкалап, / Керег… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Зым-зым этип зымырап, / Чокморду улай кармашка, / Тайарланып бул турат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…-жылт этип чыркырап, / Зыркаар жүрүп эпкиндеп, / Шамал чыгып дыркырап, / Төбө чачтар үрпөйүп, / Сакалдары үксөйүп, / Муруттары бириндеп, / Этектери дирилдеп, / Зым-зым этип зымылдап, / Салтанаттуу Кененим, / Ак мейкин зоодой зымырап, / Жер бетинде айбандар, / Курт-кумурска көп жандар, / Коркконунан кобо албай, / Былк этпей жа… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Зың-зың этип зымырайт, / Зымдай кылып жымылдайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Алдында темир үч катар, / Арсайып зымдар тартылган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →