зыйнатта
- Асемдеп көрктөө, жасалгалоо, көркүнө чыгаруу.
- Ардактап урматтоо, кастарлап сый-сыпат көрсөтүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өкүрүп ыйлап зыйнаттап, / Өлүгүн жакшы көмүштү, / Кектүү кылбай бул элди, / Узаталы дегенге, / Баары тегиз көнүштү, / Айдап калың мал жыйды, / Алтын, кумуш зар жыйды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →