зыйнат
- Шаанилүү көрк, жасалга, асемдүүлүк.
- Кастарлап кадырлоо, урматы, кызматына туруп, жардамдашып, сый-сыпат көрсөтүүчүлүк (көбүнчө өлгөн адамга карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…дотуп, / Белгилеп ханын тургузуп, / Калгандарга угузуп, / Комдогон нарга жүктөтүп, / Ар бир эрге, үч жүздөн, / Киши кошуп дүрбөтүп, / Жай-жайына жеткир, деп, / Зыйнатын эли кылсын деп, / Эр Муратты Коконго, / Татыбекти Таласка, / Турдананы Кашкарга, / Турумбекти Турпанга – / Төрт тарапка узатып, / Барганың кайта келбе, деп, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жайын казды чиркиндин, / Күмбөзүнө баатырдын, / Колунан келген зыйнатын, / Айабай кылып жашырды, / Эл өкүрүп келгенде, / Жүрөгү күйүп, ичи ысып, / Чигитейдин дартынан, / Өлүп кетип Зулпукан, / Мадыбекти шаштырды, / Өлгүнчөктү Зулпу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кышында өлдү жашырдык, / Ырымын журттан ашырдык, / Зыйнат кылып алынча, / Жердигине тапшырдык, / Ашын качан берсек деп, / Кеңешине чакырдык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Душманды сайып алган соң, / Зыйнатын анан кылам деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Олтургузуп Токоңду, / Алып кетти борборго, / Зыйнатын кылып жайма-жай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →