зуулда

китептерде 13 жолу, 6 китепте
  1. Зуу-зуу эткен дабыш, үн чыгаруу.
  2. Тез, ылдам жүрүү, зымыроо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сыйкыры мыкты Кызылкыз, / Туман болуп түрүлүп, / Бир четинен сүрүлүп, / Куйун болуп бурулуп, / Шамал болуп шуулдап, / Зыркар болуп дуулдап, / Камыш болуп куулдап, / Капчыгай болуп зуулдап, / Алтымыш арып, кырк кыйал, Кызылкыз баарын салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кебелип койбойт кенедей, / Солк этип койбойт Кененим, / Чымын чаккан немедей, / «Аткан ок тийбей калды, деп, / Эми дүрмөт салгыча, / Келип калса Кененим, / Өпкө, боор, жүрөгүм, / Өлтүрбөй сууруп алды» деп, / Камына минип атына, / Кылчайбастан артына, / Коктукат көздөй зуулдап, / Жөнөдү качып шашыла. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…/ Суусунун баса кандырып, / Буудай арак куйдурду, / Чарчап келген Ажыңды, / Тынч алдырып кондурду, / Таң агарып атканда, / Тараза жылдыз батканда, / Таң шамалы зуулдап, / Ойготуп торгой быжырап, / Асмандагы жылдыздар, / Кыбыла көздөй зыркырап, / Келин каш болгон маалда, / Тура калып Ажыбай, / Аркандан атты алдырып, / Адырмак … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Таппасам, Ойрот, сени мен, / Бооруңду жарып өт алып, / Болдум эми дебесем, / Куйулуп жаткан кум урсун, / Сыбызгы тарткан зуулдап, / Зоңкойуп турган тоо урсун, / Жайкалып жаткан нечен жер, / Түркүн-түркүн жыгачтын, / Кени экен ушул жер, / Канаттуунун чогулган, / Үйү экен ушул жер, / Баары… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ошондон зуулдап отуруп, сайга барып бир түшөт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →