зулум

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Жапа чектирип, зордук-зомбулук көрсөтүүчү таш боор, ырайымсыз катаал, залим.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Угуп муну Суумерген, / Жер кыдырып келиптир, / Айдап барып биздерди, / Чынгыш ханга бериптир, / Өзү дагы Суумерген, / Киши сойуп эт жеген, / Зулумдун бири ал экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кара жандан түңүлүп, / Карадөөнүн зулумунда, / Кайгы тарткан байкуштар, / Жарык күн көрүп маңдайдан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Семиз болсо сойуп жеп, / Өзүң окшош адамга, / Зулум, закмат отуңду, / Жайасыңбы, Жалгыз көз?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Зулумдан өлдү канчасы, / Кой оозунан чөп албас, / Момундан өлдү канчасы, / Букара өлдү канчасы, / Зордук менен буйрукка, / Айдалып келген барчасы, / Каңгай, манжу шибенин, / Кара кытай, солондун, / Калкынан өлдү канча миң, / Тынч элди айдап кырдырган, / Беш уруктун чоңдору, / Улук болбой жерге кир! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →