зоңкой

китептерде 81 жолу, 8 китепте
  1. Бою узун жана москоолунан келип, чоң, алибеттүү болуп көрүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Майтору минип болкойуп, / Сырнайза колдо койкойуп, / Он бештеги жаш бала, / Опол тоодой зоңкойуп, / Арбак конуп шаңданып, / Көргөн бенде таңданып, / Ондон жыйырма кулжа бар, / Эки жакта чаң салып, / Майторунун артында, / Созулуп чыккан чаң калып, / Келе жа… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ашып- шашып ашпаздар, / Аш -тамагын белендеп, / Жүгүрүшүп дереңдеп, / Алты күн өттү арадан, / Тура калып Талана, / Ашырбай жеди тамактан, / Дайардын баарын жеп болуп, / Аттанып чыкты айылдан, / Тармалкөк менен зоңкойуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Пилин минип томтойтуп, / Темирден найза кокойтуп, / Көргөндө жүрөк солк этет, / Чоңдугу тоодой зоңкойуп, / Кабаттап калган тартынып, / Соң темирин артынып, / Чарайнасы чатырап, / Чойун чокмор колтуктап, / Пил минип келди бадырек: / — Бириң эмес, баарың кел, / Мен Майтыкмын билгиң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алдындагы жоргосун, / Чойт камчылап Чойтолоң: / — Тапак болбой жерге кир, / Жарты тоодой зоңкойгон! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кайраттанды Карадөө, / Чоң чокморун колго алып, / Каарданды үңкүйүп, / Кабагың карашы ал салып, / Заарданып Карадөө, / Уйутуп койгон чойундан, / Жолум үйдөй чойун баш, / Опколжуп келип урганда, / Омкорулуп далай таш, / Карс-курс эткен үн чыгат, / Асманда учуп топурак, / Көктү тиреп зоңкойгон, / Тоо түгөнүп баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →