зордо
- Өз эркине, өз каалоосуна койбостон күчкө салуу, күч колдонуу, аргасыз кылуу, кыстоого алуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каракөз ага болбоду, / Болбой мойнун толгоду, / Тосуп туруп аткын деп, / Авазирин зордоду, / Кеби өтпөй Жанадил / Каракөзгө жол койду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айкөл Манас жолборсу, / Ушул кыркың жолдошу, / Эртеңден баштап он күнү, / Өзүңдү өзүң зордочу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Карманаптын катыны, / Мага бер деп зордоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Өзүңдү өзүң зордобо, / Өз сөөгүңдү кордобо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Бакдөөлөт менен Коромжу, / Жеңип алсам бул экөөн, / Тынымкандын ойунда, / Эч болбосун жок күмөн, / Тийбес болсо Тынымкан, / Душманыңдан куткардым, / Зордоп тийгин дебеймин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →