зорго
- Араң, эптеп-септеп, кыйналыпкысталып, араң-араң.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Араңдан зорго колго алды, / Уссундун эли урумда, / Беребиз кабар ушуга, / Калбай баары бүт келет, / Бизден кабар укканда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кумсарың кылды кайратты, / Сулуу кыз кылды жардамды, / Алып келдиң бул жерге, / Араңдан зорго жан калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Балта тийип чыкыйга, / Найза кирип өпкөгө, / Кош өпкөсү тешилген, / Багып жатып Көкмончок, / Араңдан зорго жетилген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Шили өтө талуу жер, / Араңдан зорго көтөрдү, / Калыңдыктан кара жер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Экөөнөн башкасын ар кайдан терип жүрүп, зорго жыйнадым.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →