зоо
- Бети тик бийик аска, жалама аска, зоока.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жым-жым этип зымырап, / Зоо болуптур Бекбача, / Кара кулка кабылан, / Шер болуптур Бекбача, / Чалкайган жайлоо төрүндөй, / Кең болуптур Бекбача, / Кекенишкен ким болсо, / Кем болуптур Бекбача, / Аркадан шамал айдаган, / Кебездей булут тараган, / Жел болуптур Бекбача.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кош жаңырык кужулдап, / Өйүз-бүйүз зоолору, / Кербен келген белем, деп, / Соодагер келген белем, деп, / Сонундан алат элем деп, / Оолжуп тиктеп турганда, / Алды жаккы төө тыныш, / Жабыла жайнап эл келет…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кирип чыгар жеринде, / Ич жагын зоону сыйдалап, / Будур-судур тышкы бет, / Көзгө көрксүз жаман таш, / Эп келтирип жасаткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кетпей жатты Кара дөө, / Ким экенин билем, деп, / Эртең жана келер, деп, / Анык пери окшонот, / Зоого кирип кетсе, деп, / Токойдо алып жанына, / Чаап жетти Карадөө, / Өпкөгө атын тепкилеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Мылтыктын үнү тарс этип, / Аңгыча зоонун боорунда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →