зомбулук
- Күчүн, бийлигин, үстөмдүгүн пайдалануу менен ашкере кысым көрсөтүүчүлүк, зордук, күчкө салуучулук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Зордук менен алат, деп, / Зомбулукту салат, деп, / Коркуп турган ал кыздар, / Калыс экен кыргыз, деп, / Кыткылыктап күлүшүп, / Кыйалында жаратып, / Каалаган эрге тийишип, / Жасалгалуу кыздардан, / Жалгыз бирөө калбады, / Жаман киши албады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Зордук менен баш ийген, / Зомбулуктан тынч жүргөн, / Жедигер караан болобу?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →