зобол

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Жоголуу, житүү, төмөндөө.
  2. Күн батар алды, күүгүм.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Калбай хандар жоголду, / Кызыл кан кечип бул жерде, / Кылымдан ашкан чуу болду, / Кыргыз, калмак – эки урук, / Уккан элге дуу болду, / Чилдей терип кыйратып, / Зоболоңуз зор болду, / Өзүн-өзү зордошуп, / Баатырдын баары жоголду, / Баарысынан артылып, / Багың, баатыр, чоң болду, / Кулак уккан, көз көргөн, / Кепти айтпай болобу, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Алардын бар максаты: жаат курап жайлоо талашуу, даражага жетүү, элге чыгым салып, зоболосун тийгизүү, кедейдин жыйырма коюн ашырып, жүз кылып, байдын миң коюн кемитип эки жүз кылып каттатып, арадан жем түшүрүү, өчуккөнүн жасоолдорго, полицияларга саба… Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →