зир
- Бир нерсенин асты, түп жагы.
- Араб алфавитинде үндүү тыбыштын тамгасы жок. Ошондуктан, үнсүз тамганын астына, төмөн жагына сызыкча коюу аркылуу «и» тыбышын билдирген.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Асыл-түркүм буйумдар, / Төөгө жүктөп кеткин” деп, / Зир-зеберин калтырбай, / Мактап айтып ашырбай, / Ламадан коркуп жашырбай, / Баарын Батак айтканы, / Угуп болуп ламасы, / Уруштан башын тартпады: / — Ордодо бар он балбан, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бекбача баатыр келди деп, / Сизге айткан кеби деп, / Зир-зиберин калтырбай, / Баарын айтып болгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бир сөз айрып миң түрдүү, / Зири менен зеберин, / Канык билет дөө уулу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →