зилде
- Зил басып, күчөп кетүү, кабылдап кетүү (оору жөнүндө).
- өт. Ачуу капа, каар-ыза толуу, капаланып сабыркоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ал экөөнү көргөндө, / Ар неме ойлоп ичинде, / Алып учуп желдеди, / Тынчтык бир дем бербеди: / “Атам душман болоордо, / Так ушундай бир белги, / Көрдүм эле мен – деди, / Кытайдын чети күн чыгыш, / Кара жүз каапыр эл – деди, / Уккан жерде жүрөгүм, / Тийгендей камчы зилдеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Алыбай, Күлдүр, Кутунай, / Ажыбай баштап баары өлөт; / Чубак, Сыргак шер өлөт, / Найза сайаар эр өлөт, / Өзү кетет айкөлүң, / Абакең жолду төтөлөп, / Ал бирок зилдеп жарасы, / Таласка барып айыкпай, / Жайдары Манас өзү өлөт, / Агеркеч көмсүн сөөгүңдү, / Алымбайдан жүктөтүп, / Узатайын өзүңдү, / Атаганат тирүүңдө, / Айта алб…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каныкей айтса болбогон, / Барган менен оңбогон, / Алдап туруп Коңурбай, / Айбалта менен домдогон, / Жарасы зилдеп сакайбай, / Арстан Манас сойлогон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кан Коңурдан өлгөнүн, / Кайран эр кордук көргөнүн, / Жарасы жаман зилдеди, / Не кылаарын билбеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кайгысын көрүп элимдин, / Капалуу көңүл зилдедим, / Ата-энем өткөн жер, / Ой-тоосун такыр көрбөдүм, / Кеңколго эки коно албай, / Келген жоого жөнөдүм, / Маңдайга бүткөн шор болсо, / Баш тартпастан көрөйүн, / Ак калпак кыргыз эл үчүн, / Ажалым жетсе өлөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →