зил

китептерде 13 жолу, 6 китепте
  1. Кандайдыр бир оорунун, дарттын ж. б. натыйжасында пайда болгон ачуу, саргыч суюктук, шишиктин, жаранын ичине толуп ириңдеп тээп кеткен бузулган жаман суюктук.
  2. өт. Ачуу, каар, ыза.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Деп коржоңдоп мыкаачы, / Күн карарып, ай күйүп, / Аңтарылса жер асман, / Сезгенбеген Татылда, / Жер токтобой калтылдап, / Тоолор көчүп калдырап, / Канаттуу качып алдырап, / Жер силкинип жарылып, / Суулар агып жайылып, / Зил-зил болуп кетсе да, / Кыйшаңдоону билбеген, / Бул мыкаачы Татылда, / Манастын атын укканда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Үч ай ашып кеткенде, / Оозунан сары зил кетип, / Арыктап бели кындыйды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мурдунан зардап зил аккан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Коркконун билип булардын, / Жалгызек турду муну айтып: / — Коркпогула, туугандар, / Мындай тамсил бир кеп бар - / “Сулуу кыз менен күлүк ат, / Кыраан бүркүт, зил тайган- / Төртөөнүн баасы жок болот” / “Кызыл тилдин сөөгү жок, / Баш сыпаанын жүзү жок”- / Элдер айтып келаткан, / Ушул болот “эки жок” / Аш кайнамча токтолду… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Эстесем көөнүм зилдеймин, / Аттары ким билбеймин, / Алар билбей жүрөбү? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →