зеңгире
- Башы айлануу, кеңгирөө, эңги-деңги болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ы, Оодарылып калбаска, / Ат жабдыгын чыңдайлы, / Чыгып кетти Темирбек, / Жарабады кебим, деп, / Чойун кулак кеңгиреп, / Ачып оозун эстенип, / Мас болгон нардай зеңгиреп, / Келин каштап таң сүрдү, / Ак көйнөктөй делбиреп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Коңурбай туруп кенгиреп, / Эл ичинде зенгиреп, / Кол менен нускап көрсөттү: / — Манас - ак сур ат минген, / Ак жибектен тон кийген, / Сендей нечен дөөлөрдү, / Кагып жерге киргизген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ойун баш калбай быркырап, / Кырк кабырга, омуртка, / Кырын бузбай зыркырап, / Бирин бири тиктесе, / Азуулары кычырап, / Баштары ооруп кеңгиреп, / Мас болгондой зеңгиреп, / Кээде туруп калышат, / Эси оогандай эндиреп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кетелек белде кеңгиреп, / Мас болгон нардай зеңгиреп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…бириндеп: / — Келдым мен сага Бөтөмө, / Сомбилек эми өлдүң, — деп, / Сенин атың Сомбилек, / Менин баатырлыгым эл билет, / Үч-төрттү жеңип алганда, / Кеңкийесиң зеңгиреп, / Коркуп өңүң бузулду, / Бөтөмө мага келди, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →