зерик
- Бош, бекер болуп же бирөөнү көпкө күтүп зарыгуу, эригүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кабар кылды калкына, / Катыны эркек тууган жок, / Күмбөзүн тайып арстандын, / Той берем деп айтууга, / Бекер жатып эриккен, / Кымыз ичип эт жеген, / Тамактан качып зериккен, / Кусур кылып кудайга, / Кыргыз жаткан кез экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жылан тору ат минип, / Мойнуна чылбыр түрүлүп, / Канча жылдан бер жакка, / Кагышарга жоо таппай, / Калган чунак зеригип, / Темир тоонун тараша, / Жануп жагы жол эле, / Семетей кеткен мезгилде, / Зор бакай жаткан тоо эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Аш-тамагын кемитпе, / Кумалак билчү таап бер, / Абам жатып зериксе, / Кожурашып жаткыла, / Эки кары эрте-кеч, / Биз барып кайта келгиче, / Биз келгенде кетээрсиз, / Элебей жата бериппиз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алтымыш айры бугудан, / Атайлап бирин атпасам, / Мүйүзүнүн маалында, / Алып сага чаппасам, / Зеригип калат жалгызың, / Ошентип көңүл ачпасам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бул жалгыз ыр эмес жолдо катар жомок айтып, аңгемеден аңгемеге салып, өзүнүн башынан өткөргөн окуяларын сүйлөп, бир зериктирчү эмес.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →