заңкылда
- Үндү, дабышты бийик, көтөрүнкү чыгаруу, заңылдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атылып мылтык тарсылдап, / Урулуп доолбас карсылдап, / Жез барабан кагылып, / Жердин бети шаңкылдап, / Чымыроондой чыңырып, / Сурнайдын үнү заңкылдап, / Аргымак аттар алкылдап, / Белде кылыч жаркылдап, / Айбалта жанда шыңгырап, / Найза колдо зыңгырап, / Маңгыттан келди хан Калдык, / Жер сойулуп кылкылдап, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өзүм чыгам буга деп, / Күйдаң дөө келди дүңкүлдөп, / Аткан мылтык, тарткан жаа, / Замбирек үнү зүңкүлдөп, / Атылган мылтык заңкылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кернейдин үнү бапылдап, / Доолбас үнү заңкылдап, / Майда желек кызылдан, / Жерге батпай кылкылдап, / Келе жатат калың кол, / Жер сойулуп былкылдап, / Топурак учуп, жер чаңдап, / Асман ачык, жер бүркөк, / Күн көрүнбөй күдүңдөп, / Ачык-айкын таанылбай, / Турнабай жүрбөй бүрүлдөп, / Тунарыктап алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Байкап аскер караса, / Айланасы жаңырып, / Мылтык үнү карсылдап, / Добулбас унү заңкылдап, / Кыйкырык сүрөөн ызы-чуу, / Шашылып калган аскердин, / Кулагына угулду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Калканга найза такылдап, / Туулгага балта чакылдап, / Баш аламан урушта, / Баатырлар үнү бакылдап, / Тоо жаңырып заңкылдап, / Жана эки күн салышып, / Чыдаштык кылып тура албай, / Гүлчоро калды шалактап, / Алтайга минсе арыбас, / Карк үч айлык урушта, / Нойубаган талыкпас, / Суркойо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →