заңкай
- Абдан бийик, чоң болуп көрүнүү, заңгыраган зор көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ойго түштү баатырың, / Оолугуп бала Чигитей, / Буулугуп ичин муң алып, / Айлана курчап жоо алып, / Асман тиреп заңкайган, / Үстүндө Алтай тоо алып, / Айагы жагы сыр койук, / Адамы жүргүс чөл алып, / Орто жери Арал көл, / Каз кечпеген көл алып, / Жүрөгү күйүп жалындап, / Кыз торго…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…н менен испандын, / Колун чайкап бозуптур, / Жалгызектин Бактыбай, / Топчу кулак тору атты, / Сыздырып баатыр келатты, / Сүйүн келет залкайып, / Ак жал сары ат заңкайып, / Чолпонбай келет октолуп, / Бет алган жагы өрт болуп, / Барбагын деп кыргызды, / Калтырып койду бек тосуп, / Кесилетке Саламат, / Кезигишти жолгошуп, / Жетке…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…к түшкөндөй от күйүп, / Алп мүчөлүү далдайып, / Баштыктай мурду барбайып, / Салынган кара кеңирдей, / Карааны бар калдайып, / Ортого чыгып олтурду, / Оңолбогур заңкайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тапан хан, Сейит ортосун, / Асман тиреп заңкайган, / Бир тоо болду каркайган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Заңкайган Алатооңдон, / Залкайган терең кооңдон, / Какжырап жаткан чөлүңдөн, / Мелтиреп жаткан көлүңдөн, / Төшүн жайып дагдайып, / Кеңирсип жаткан төрүңдөн, / Байчечекей жайнаган, / Саймадан көрктүү бүрүңдөн, / Сан-санаксыз кубулган, / Көз жалтанган гүлүңдөн, / Урмат менен суранам, / Упурак болуп муңайам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →