заңгыра

китептерде 12 жолу, 6 китепте
  1. Жаңырыкта, заңк эткен катуу дабыш чыгуу.
  2. Бийик, чоң, кенен болуп көрүнүү, заңкайган көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Асаба башта калкылдап, / Боз кисе белде шалкылдап, / Найза колдо заңгырап, / Канжыгада доолбас, / Чымын тийсе зыңырап, / Туулганы башка чөмөрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чыга калса кашатка, / Көпүрө турат заңгырап, / Көз тайгылып жиги жок, / Келишкен экен зымылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…, / Найза менен бир койду, / Булчуң этин жаралап, / Тарамышын аралап, / Билегинен кара кан, / Агып турат салаалап, / Колундагы кылычы, / Кыңгыраган үн чыгып, / Заңгыратып тоолорду, / Бир укмушту сүр чыгып, / Ободо кылыч шыңгырап, / Жалпагынан бир кумга, / Барып түштү жартырап, / Сыйкырын салды миң албан, / Желмогуз канчык алдыра… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…гой көз темир бадана, / Үштү кийип кабаттап, / Туулганы башка көмөрүп, / Кийгени темир көгөрүп, / Кылычты салып кынына, / Ай балта байлап жанына, / Найза колдо заңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Шамал тийсе каңгырап, / Алтын ээр калмакча, / Тогуздап олоң тартынып, / Аттанып бу да жөнөдү, / Сом темирин артынып, / Тай буурул м… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…каны, / Көз алдында саналып, / Кетип барат жол менен, / Адырмак кара тоо менен, / Артуу-артуу бел менен, / Агыны терең коо менен, / Акактап жаткан шор менен, / Заңгыраган зоо менен, / Чаңкап жаткан чөл менен, / Арбытып он күн жол жүрдү, / Кара кашка ат менен, / Бара жатат Сомбилек, / Залкар санаа ой менен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →