заңги2

китептерде 3 жолу заңги 1 →
  1. Нерсенин, адамдын өңүнүн капкара экендигин туюнтуучу сөз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кайырдынын кырына, / Чыгып келип Алмамбет, / Айтып турган кеби ушул: / — Акбалта уулу Чубаксың, / Айткан кепти угаарсың, / Шыпшайдар адам баласы, / Бирок шайтандан ашкан айласы, / Алып жүргөн заңгиси, / Алтымыштан санаты, / Ашпайт, андан кемибейт, / Өмүрлүк мунун адаты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…Канымды сууга кошпосун, / Кургакта басып нетейин, / Аш кайнамдык жол калды, / Суунун түшүп түбүнө, / Сүзүп өтүп кетейин” - / Деп ойлонуп Шыпшайдар, / Жанындагы заңгисин: / — Кара жол менен баскын, — деп, / Төрт күндүк ара жол калды, / Белкоргондон тапкын, — деп, / Алардан кетти бөлүнүп, / Табыштап капыр айтып кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →