зарыл1
- Аткарылуусу өтө керек, абдан керек.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Толуктап кел камынып, / Сен кептенип Таңгыттар, / Мен жүрбөймүн зарылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Зарылтпай мени, жеңелер, / Сапты айакка куйуп кел, / Сапты айакты колго алып, / Кыз сулуусу сунуп кел.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Каргашалуу канчыкка, / Тапан хан неге зарылды?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Зарылып мага наалыба, / Жаагыңды талытпа, / Иттен илгер жан болуп, / Кишиден кийин кар болуп, / Антип тирүү жүргөнчө, / Өлүм жакшы чын мага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ — Кыйын болду кана, — деп, / Баласын нараак таштады, / Алып кетсең мына, — деп, / Канаты сынык, колу жок, / Карып болгон балаңды, / Тартпадың мага ыраа, — деп, / Бала баатыр зарылат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →