зарык

китептерде 15 жолу, 7 китепте
  1. Абдан узак күтүү, зарылып көпкө күтүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айылдын баары жайылып, / Жалгыз келген баатырга, / Жалпы чыкты жабылып, / Чигитей түшүп эсине, / Торгой турду айыгып, / Батыраак кирсе экен, деп, / Көлдөлөңдү унутуп, / Тиктеп турат зарыгып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ок, / Колунда бодо барынан, / Койнунда жаткан катын жок, / Бойдок жүргөн баарыдан, / Катын алса мал керек, / Малсыз катын аа бербес, / Конок келсе кой керек, / Зарыктырбай кой берсе. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жашырбай айт чыныңды, / Зарыктырып турбагын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
көрөсүң, / Жамандык менден калбасын, / Семетейге барып кел, / Айтып кабар салып кел, / Жарашам десе семетей, / Жөө ыйлатып алып кел, / Ылдамыраак барып кел, / Зарыктырбай бачым кел, / Деп үмүтөй айкырып, / Каарданып бакырып, / Кабыландай капшырып, / Гүлчорону жапырып, / Калба салган жери ошол, / Кабыл алып Гүлчоро, / Кайра тартк… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Зарыгып күтүп турсам бир убакта келип, атына минди да: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →