зарла

китептерде 41 жолу, 10 китепте
  1. Кайгы-муңун, арыз-арманын айтуу, ички дартын, зардуу ой-тилегин билдирип кейүү, зарыла муңканып өтүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бекбача зарлап турганда, / Кудай ишин оңдосун, / Мындай сонун болбосун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…; / Бир тарабы агарды, / Ааламдын баарын кол алды; / Бир тарабы саргарды, / Дөбөдө туруп эр Чубак, / Акылы качып сандалды, / Алмамбетке эр Чубак, / Айтып кебин зарланды: / — Мен дүрбүдөн көрдүм көп элди, / Аскер эмес сел болду, / Акылым жетпей тел болду, / Көрүп калсам нетебиз, / Анда кайдан кетебиз? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…н чыңдап кармады, / Алы келсе баатырдан, / Найзасын тартып алгалы, / Эки колго чогултуп, / Барлык күчүн арнады, / «Колдосоң, Шоркөл, колдо» деп / Күбүрөп ичтен зарлады, / Ар канча кылып найзасын, / Сейитимден алалбай, / Эрдик менен көгөрүп, / Сабын койо бере албай, / Талаа-талаа найзасы, / Тараша кетип кыйчылдап, / Эр Тапакты… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Гүлүстү кандай зарланттың? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Келип калды кошун — деп, / Кейип неге зарладык? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →