заркыра
- Зырылдап тез жүрүү.
- Катуу үн чыгаруу, даркыроо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Заркыратып ыйлаттың, / Кызыл ээк чалдарды, / Кызыл муштум балдарды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…кылгырып, / Арак ичкен немедей, / Өрттөнүп ичи сыйрылып, / Атагы кыргыз элинен, / Күлкү чыкпай ый чыгып, / Бардык үйдүн баарынан, / Арбагың Манас колдо, деп, / Заркыраган үн чыгып, / Таң атып чыкты аңгыча, / Жер жаркырап күн чыгып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Заркыратпай абаңды, / Айкөл Манас, тилим ал!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тапан ханды алдады, / Кара жүздүн дартына, / Тайынсыз өлдү ар кайда, / Тапан хандын балбаны, / Ыйлап калды канча элдин, / Кызыл муштум балдары, / Заркырап калды кан какшап, / Кызыл ээк чалдары.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Заркырап улуп тоо жели, / Саткынды каргап каар чачты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →