зардап
- Кесепеттүү натыйжа, салака, кээр.
- өт. Кайгы, чер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…аккы казактан, / Кан ичме Калдык каапырдан, / Атка токтоор калбады, / Беттешип чыккан бендени, / Бирин койбой жалмады, / өтүп кетти казакка, / Маңгыттын салган зардабы, / Алдыңа келдим маана издеп, / Сенден жооп алгалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Канжаны өтүп зардабы, / Жанында киши калбады, / Ысып кетип чекеси, / Качып жолго салганы, / Хан Коңурду жеди, деп, / Кандай болоор теңи деп, / Калгандары турганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Экинчи Семей сайганда, / Тоосур кетти мүдүрүп, / Семетей сайган найзанын, / Зардабына чыдабай, / Кутургур жандан түңүлүп, / Токто кылып тура албай, / Семетей ойлойт ошондо: / “Эрдик кылып Кутургур, / Кезекке туруп берди, — деп, / Кезегин мунун бербесем, / Атама келет наалат кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Дүйнөнү бузган зор Манас» / Зардабы сага тийбеген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Баатырдан зардап көргөндө, / Тулку бойдон бузук кан, / Бүт куйулуп агыптыр, / Туурасы толуп тултуйуп, / Ат көтөрбөй калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →