зардал2

китептерде 14 жолу, 4 китепте зардал 1 →зардал 3 →
  1. эск. Башчы, жетекчи, жол башчы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ысы калганы, / Эр Бекбача баштаган, / Калган хандар ат салды, / Ылганып чыккан элинде, / Балбандары ат салды, / Бири миңден алгандан, / Билеги жоон андайдан, / Зардалдары ат салды, / Манастап ураан чакырып, / Ачуу менен бакырып, / Таластан келген Татыбек, / Ысык көлдөн Медербек, / Бирине бири эш болуп, / Теминип кирди эки бек. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эр Сейитек зардалды, / Эл чайкаган балбанды, / Андан мурун алдында, / Өтүп кеткен Чанданды, / Алмамбет, Чубак - шерлерди, / Баатыр Сыргак, эрлерди, / Олуйа Кошой карыны, / Музбурч… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кара аскерде жазык жок, / Ханы менен балбанын, / Баш кармаган зардалын, / Чыгарды анын далдалын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кара жанга күч келсе, / Чакырамын атын таап, / Андан башка калганын- / Бакай, Кошой барларын, / Алмамбет, Чубак зардалын, / Айтылуу Сыргак балбанын, / Семетей бабам, Гүлүстү, / Сүттөн ак сөздүү, күн жүздүү, / Көй кашканын баарысын, / Көп эсиме алармын, / Чоң атам менен чоң энем, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Тиктеп көзүн айырбай, / Жылкыга жакын барганы, / Жылкыга келген кези экен, / Алп Коңурбай балбаны, / Бейжинде бектин зардалы, / Белдүү калча балбаны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →