зар2

китептерде 220 жолу, 10 китепте зар 1 →
  1. Орундалбай, максатына жетпей жүргөн же жетпей калган өкүнүчтүү тилек, ичтеги арыз-арман, муң-кайгы.
  2. Зарыл, муктаж.
  3. Кесепеттүү натыйжа, кандайдыр бир нерсенин зарпы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Убадаңды бек кылсаң, / Чачылган малды бүт жыйсаң, / Сандыкта зарды жам кылсаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Урматтуу казак элиңди, / Өзгө журтка кар кылып, / Жайнаган колуң бул турса, / Калкыңды ага зар кылып, / Басарга калбай бош жери, / Кең дүйнөсүн тар кыл, / Бул кылышың жакшы эмес, / Арамдык кылган мен эмес, / Адал ашка күмөнсүп, / Сен Медеркан, киши эмес! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…Утур келип ал жерге, / Шаңкай кыргыз элдерге, / Кененимге айткын, деп, / Азабыңды тарткын, деп, / Адамына тийбеди, / Басып жүргөн тирүү мал, / Сандыктагы алтын зар, / Орого куйган эгин бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Атын айтып эске алса, / Орто оокаттуу бай болгон, / Абамды аңсап сагынып, / Ак калпак кыргыз зар болгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Агар алтын, зар урсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →