запкы
- Жапа чеккен кордук, жабыр, азаптуу кыйынчылык, оор түйшүк, кысым.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…здерде, / Мас болбой анда соо жүргөн, / Агеркеч каныш такыр – деп, / Агеркеч айтты акыл кеп, / Элебей койдуң кайра – деп, / Чыдай албай толгонуп, / Чыгып кетти запкы жеп, / Алмамбет көзү мында жок, / Андай бузук кылган жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каканда туулуп өскөнсүң, / Хан жайлоосун көргөнсүң, / Кадыр-сыйга сен батып, / Калкын бийлеп көнгөнсүң, / Канчанын тартып запкысын, / Кайгы-муңга чөккөнсүң, / Хан Коңур менен тирешип, / Кызыл канды төккөнсүң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →