замзам

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Диндик түшүнүк боюнча: ыйык, дарылык касиети бар деп эсептелген Мекенин булагынын суусу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Оозунан чыккан илеби, / Сары алтындын буусундай, / Шилекейи бар окшойт, / Абу замзам суусундай, / Түгөтө айтып тил жетпейт, / Кыргыздын кызы ушундай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ылсам болор өлүмүм, / Кайрадан жоктур өмүрүм: / Атымдын башын бура албайм, / Ажалга өзүм бара албайм, / Искендер ишин берсе да, / Толтура алтын чөйчөккө, / Аби замзам сепсе да, / Азырети Аалы кылычын, / Алдыма сүйөп келсе да, / Так Сулайман тагына, / Таажысын кошо берсе да, / Имерилип тура албайм, / Эми көңүл бура албайм, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Камкам менен Замзамды, / Иштетиптир пайгамбар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →