замбирек

китептерде 12 жолу, 3 китепте
  1. Ири калибрдүү окторду, снаряддарды атуучу артиллериялык куралдардын жалпы аты, алыска атуучу узун стволдуу артиллериялык курал.
  2. Тоону карай күрсүлдөп, замбирек атыла баштады (Элебаев).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манастан калган белекке, / Сандолун деген замбирек, / Бир мылтыгы бар экен, / Баарыдан жаман ал экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ортосу көкжал темирди, / Өзүм иштеп чыгарам, / Үч темирден курсам, / Үйгө койсоң үркөр боо, / Үнү ачуу Койчагыр, / Ойноп атса Очогор, / Жыйнап атса Замбирек, / Андай күндөр кез келсе, / Сандолун десе эп келет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…нын үстүнөн, / Аңтара сайып өткөмүн, / Аңгычакты болбоду, / Жазайыл мылтык, жаа тартты, / Дүңгүрөтүп топ атты, / Очогор менен ок атты, / Үнү кулак тундурган, / Замбирегин кошо атты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Замбирек күрсүлдөп жана бир эки жолу атылды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бул дабыш басыла түшкөн кезде, так ошол тырылдап жаткан жерден тоону карай күрсүлдөп замбирек атыла баштады. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →