заматта

китептерде 26 жолу, 9 китепте
  1. Дароо, бат эле, бир паста.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

— деп / Ачууланып калыптыр, / Ашыгып жөнөп алыптыр, / Он алты күндүк арага, / Бетегелүү Койташка, / Белге чыгып карарга, / Барды белем заматта, / Аккуланы аргытып, / Артынан чаңын баргытып, / Айкөлдүн келе жатканын, / Көзкаман менен Көкчөкөз, / Дүрбү салып көрүптүр, / Айланы издеп табууга, / Атайы көң… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ал желмогуз заматта, / Алда канча кубулат, / Алдымда кеткен эми эле, / Адам болуп азгырып, / Чыга калган экен деп, / Мен сайганым ал эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Капташа түштү алдынан, / Кеп сураган талаада: / — Суу бойунда көргөнүм, / Көөнүмдү анда бөлбөдүм, / Көрүнүп турат өрнөгүң, / Көрөр көзгө башкача, / Заматта башка кубулдуң, / Ким болосуң сен бала? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Не керек, баятан берки сөздөр окуган балага кенедей таасир эткен жок, кызыл атты токуп, лып этип минип алды да, Каркыраны көздөй кеткен улуу жолго салып, качкын кууп бараткандай үстү-үстүнө камчылап, зымыраган бойдон заматта көздөн кайым болду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Үч уулу Шам шаарына келип, улуусу жер үстүн заматта айланып чыга ала турган ат, ортончусу бүт аалам көрүнүп тургудай көзгө, кичүүсү жыттатып койсо, өлгөн адамды тирилтчү алма алып келишет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →