заман

китептерде 235 жолу, 10 китепте
  1. Адам баласынын, элдин, мамлекеттин, коомдун турмушундагы кандайдыр бир белгилүү окуялар, кубулуштар менен мүнөздөлгөн, өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү бар бир кыйла узак убакытты ичине алган мезгил, доор, жашоонун, өмүр сүрүүнүн белгилүү бир убагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Акыр заман башына, / Көз көрүнө салам — деп, / Өлбөй тирүү болгондо, / Буракүң кунун алам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…м, / Таманы менен жер баспай, / Таркыла деп бакырып, / Желдеп турган Дабытай, / Кесилет деми суудай сууп, / Кеп айталбай буулугуп, / Керсары тартып өң кетип, / Заманасы куурулуп, / Буйрук берди аскерге, / Жааган күндөй коросон, / Кененимге куйулуп, / Чуркурашып, кужулдап, / Кара курттай кыжылдап, / Тегеректеп киргенде, / Дабыт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Олтурарга жай таппай, / Жээрине нан таппай, / Ачкалыктан кырылсын, / Азык-түлүк, мал-мүлкүн, / Ажыратып алыңар, / Акыр-такыр заманды, / Башына бачым салыңар! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Андан бери карасам, / Чатырды көрдүм талаадан, / Кетейин деп жөнөсөм, / Туш-тушумдан ат койуп, / Адамдар чыкты аламан, / Сийдигим булут айланып, / Куурулуп калды заманам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Карып-тардын кайгысына карай турган заманбы? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →