залкар
- Өтө чоң, зор, бараандуу, олчойгон, абдан көлөмдүү.
- Улуу, көрүнүктүү, ашкан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Саптан чыкты бөлүнүп, / Залкар тоодой көрүнүп, / Беттен чыккан ыдыгы, / Жааган күндөй төгүлүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Санаасы менен шаар алып, / Залкар кыргыз элди алып, / Дабытайга тиктенди, / Коросонго бет алып: / — Испан менен коросон, / Кол куушуруп аттан түш!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
- / Ойонубуз баатырдын, / Ойуна булар кеткени, / Сарала менен чуу койуп, / Залкар тоодой Чубакка, / Салган бойдон жеткени: / — Айланайын Чубакем, / Сом билектүү таш жүрөк, / Козголбостун бири элем, / Улук кытай журтумда, / Уруша келген эр болсо, / Куткарбастын бири элем.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Залкар тоодой Куйалы, / Желжетпес менен аттанды, / Орто бойлуу кыз экен, / Башы баатыр эрендик, / Айагы ийне бүчүлүк, / Баарысына уз экен, / Эл турушат жарданып, / Же…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ «Каран тун башка тушту — деп, / Кара кыргыз калкынан, / Таалайдын кушу учту — деп / Бул арам өлөгөн Канчоро, / Арстандан калган бууданды, / Эмчектеш болгон тууганды, / Салылуу коргон дубалды, / Залкар тоодой буларды, / Салбар чоро кулатты!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →