залкай
- Чоң көрүнүштө болуу, залкар, алибеттүү көрүнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Хан болдум деп ойумда, / Келатканмын залкайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Карап турат Кененим, / Камаарабай залкайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Каршы алдында залкайып, / Лижыңда турган кишини, / Чабууга каада жок болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Семетейге жиберип, / Сырына анын кансам” — деп, / Алгара менен чайпалып, / Каспанда жаткан залкайып, / Келе жатат Коңурбай / Кербезденип чалкайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Заңкайган Алатооңдон, / Залкайган терең кооңдон, / Какжырап жаткан чөлүңдөн, / Мелтиреп жаткан көлүңдөн, / Төшүн жайып дагдайып, / Кеңирсип жаткан төрүңдөн, / Байчечекей жайнаган, / Саймадан көрктүү бүрүңдөн, / Сан-санаксыз кубулган, / Көз жалтанган гүлүңдөн, / Урмат менен суранам, / Упурак болуп муңайам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →