залал
- Зыян, салака, зыяндуу таасир.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мен кечигип каламбы, / Таалайым билет Орунбай, / Пайда менен залалды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тартчуу боосун кармады, / Мойнуна муну салганы, / Узунбу, кыска өмүрү, / Өлгүнчө уулга арнады, / Көзү көрүп энеси, / Байкап муну калганы: / “Ээ, кудай, шүгүр өзүңө, / Торгой шерге жарады, / Максатка жеткир жараткан, / Жан кылган соң адамды, / Калганда өзүң билесин, / Пайдасы менен залалды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Элимден азып келгели, / Залалым сага тийбеди, / Алты жүз эле жылкыңыз, / Азыр алты миң болду, / Айтылып элге дүң болду: / Коңгуроолуу кара нар, / Бири миңге барабар, / Жалаң төөң миң болду, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өлгөн сайын өөрчүгөн, / Өткүр Манас тукуму, / Ушуну айтып турушту: / “Чыккынчы кылат залалды, / Көрүнөө кылат арамды,, / Көндөн кеткис малалды”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Султаналы сүйүнүп, "Кемпиримден бөөдө ажырап кала жаздадым", деп мөмөлөрдүн кандайы дабаа, кандайы залал боло турганын жакшы билди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →