закымда

китептерде 33 жолу, 8 китепте
  1. Мелмилдеп, лепилдеп жүрүү, согуу (аба жөнүндө), закым жүрүү.
  2. Катуу, тез жүрүү, чуркоо, зымыроо, көзгө илээшпей зыпылдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эки тайган закымдап, / Калмактын ханы Чиктейге, / Жакын барды такымдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кернейдин үнү баркылдап, / Сурнайдын үнү чаңкылдап, / Ак асаба көк желек, / Кызыл белги кара туу, / Санаты жүзчө жалпылдап; / Андан бери караса, / Эки караан келатат, / Учкан куштай закымдап, / Жетер-жетпес алды-арты, / Бирин-бири такымдап, / Келайтышты бөлөкчө, / Ыраактабай жакындап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эми кетти алдымда, / Аркар болуп дардактап, / Жейрен болуп закымдап, / Тапан ханга эмгиче, / Жетип калды жакындап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Күмөнкор болбо сен, Кыйаз, / Элүүдөн аштың такымдап, / Эңкейип белден барасың, / Карылыкка жакындап, / Ажал чиркин ар кимди, / Кууп жүрөт закымдап, / Адам уулу эрсинет, / Тимчилекте такылдап, / Жан сактоонун, камы үчүн, / Эртеден кечке лакылдап, / Ажал алса жакадан, / Койгунуң деп айта албай, / Коштошоруң… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сары хан келди жакындап, / Салып уруп закымдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →