закым

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Көзгө байкала тургандай болуп мелмилдеп, термелгенсип соккон аба толкуну, агымы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бекбача келсе жакындап, / Ээң келди дегенсип, / Чакчыгайлар чакылдап, / Качандан бери томсоруп, / Дымбырдым жаткан сары сай, / Закым учуп закылдап, / Жан үзө элек жаткандай / Жумулбай көзү жалтылдап, / Болбосо Калдык көздөрүн, / Чукуп алган олойтуп, / Кулагы калган темирдей, / Керилип турат калдайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…Эки вазир төрт болуп, / Куунайза балбан, кырк баатыр / Андайлардан көп жатыр, / Кумсар сыйкыр желмогуз, / Жардамчы сыйкыр он болуп, / Жүз миң аскер топтолуп, / Закым учкан чөл болуп, / Каз баркылдап кечкисиз, / Мелтиреген көл болуп, / Карга ашып учалбас, / Каркайган кара тоо болуп, / Жашыл жээктин жерине, / Чогулгула жык то… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Кулак кескендей жымжырттыктын ичинде кечки күнгө чагылышып, көзгө бүлбүлдөгөн закымды карап туруп, ар кыл ойго кетем. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →