закмат
- Азап, мээнет, кордук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…келип Гүлнарды, / Коргонго алды түшүрүп, / Урумдун элин узатты, / Он-он беш күн күтүшүп, / Кулу менен күңүнү, / Калтырбады бирини, / Жалгыз бала Сейитек, / Бир закматы болор, деп, / Айдай катын Айчүрөк, / Баарын кайра кетирип, / Кул-күң болуп келгендер, / Көңүлү өстү жетилип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Семиз болсо сойуп жеп, / Өзүң окшош адамга, / Зулум, закмат отуңду, / Жайасыңбы, Жалгыз көз?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →