забын
- Убалына калуу, күнөөлүү болуу, жооп берүү (канга забын болуу – өлүм үчүн жооп берүү), күнөөлүү болуу.
- Себепчи.
- Тоскоолдук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
– Силер эле алып баргыла, менин каныма силер забын болбойсуңар, турмушуңар оңолот.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →