заардуу

китептерде 5 жолу, 2 китепте
  1. Уулуу, уусу бар.
  2. Каардуу, ачуулуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тогуз жашта чагыңда, / Сен барыпсың, атаке, / Бирөө эмес жети экен, / Күн батышта каардууга, / Камоодо калган төрт баатыр, / Жүрөгү чер заардууга / Жүйрүн дөөнү кошо алып, / Сиз келипсиз ушунда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Үстүнө кызыл жамынып, / Сайышар жери кызыл кум, / Нак окшошуп капыр кул, / Жан алуучу периште - / Азирейил сүрдүү кул, / Үнү күндөй күркүрөп, / Каары катуу, заардуу кул, / Маңдайда көзү жайнаган, / Баргандын шору кайнаган, / Жан куткарбас баатыр кул, / Колуна найза кармаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Ошонун жалгыз ооз сөзүн билбесем да, ысыкта мемиретип салган кайгылуу, заардуу, жетим обону менин жүрөгүмдү козгоп, анын мазмунун ошончодон жалгыз өзүм түшүнүп тургандай болом. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →