заардан

китептерде 27 жолу, 6 китепте
  1. Ачуулануу, каардануу, каарын төгүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өрт жалындай заарданды, / Түпөктүү найза ыргады, / Кыйырдап кыркты сайуучу, / Кыйалы мунун кармады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Каарданып Кененим, / Абасы Гүлүс кептенип, / Заарданып Кененим, / Манастап ураан чакырды, / Тармалкөктөн солтойтуп, / Сайып өттү капырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…касынан чыккан чаң, / Жөө туман болуп созулуп, / Төрт туйагы тийген жер, / Кемекейдей ойулуп, / Кыртыштуу жерлер сойулуп, / Катуу тийди каарданып, / Ажыдаардай заарданып, / Өткүр болот - кара курч, / Түпөктүү найза колго алып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ы, / Баскан изи талпайган, / Тарбалаңдап жүгүрсө, / Аркасында чаң калган, / Чокмору бар колунда, / Арта салып ийинине, / Чандан эрден жан алган, / Каарын салып заарданган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кайраттанды Карадөө, / Чоң чокморун колго алып, / Каарданды үңкүйүп, / Кабагың карашы ал салып, / Заарданып Карадөө, / Уйутуп койгон чойундан, / Жолум үйдөй чойун баш, / Опколжуп келип урганда, / Омкорулуп далай таш, / Карс-курс эткен үн чыгат, / Асманда учуп топурак, / Көктү тиреп зоңкойгон, / Тоо түгөнүп баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →