заада1

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Тегин, тукумун же тектүү адамдардын катарына жата тургандыгын билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кармаганча Чакмакташ / Найзаны тартып алганы, / Капыр Калдык калдастап, / Балтасын алды алдастап, / Арам заада чоң маңгыт, / Качып калды калдактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сарыбай өлдү Таласта, / Арбагына четкелип, / Олуйа заада Манаска. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Арамдык кылсам өлөйүн, / Алланын жүзүн көрбөйүн, / Таза шумкар баласы, / Карды тойо жем жебейт, / Хан зааданын баласы, / Кандай жумуш болсо да, / Капа болуп кирдебейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Олуйа заада Кошойдун, / Оройу келер болсочу! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Олуйа заада пир урсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →