жөөт
- Еврей уруусунун аты.
- Билип туруп билмексен болгон митаам, куу, анткор.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Андан калса түрк уулу, / Инди, жөөт, арабдан, / Андан киши келбептир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Багдат, Мисир, Кудусту, / Жөөттөр камап турганда, / Жөндөп берген Кененим, / Барган менен аларга, / Батырбасын билемин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Санаты тогуз күнүндө, / Бадакшандан, Балыктан, / Тарса, жөөт калыктан, / Түркмөн менен калчадан, / Андай нечен барчадан, / Жүржүт менен жудадан, / Калмактан көрүп кордукту, / Ар кайда жүргөн мындайдан, / Көңтөйдү Манас жеңди, деп, / Барбаганы калбаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Дөө уулунун жайы бул, / Сулайматтан өйдөрөөк, / Баарын билген жөөт бул.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Менин айтканым байкап алыңар, / Семетей барса аркаңдан, / Жөөт кебин салуучу, / Жайкап айтып баруучу, / Буулум тонун жабуучу, / Буурул атын тартуучу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →