жөөлө1

китептерде 32 жолу, 8 китепте жөөлө 2 →
  1. Бирөөгө же бир нерсеге капталы же омуроосу менен тийип, омуроолоп түртүү, сөйкөнүү, көпчүлүктү аралап кысылышып өтүү.
  2. өт. Кемсинтүү, тийишүү, тыңсынуу, басынткан же жулунган мамиле кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кордук коргон Суумерген, / Айал-үйөл кылалбай, / Намысты таштап уйалбай, / Саадагын салып мойнуна, / Жөөлөп басып кирди эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
казактан, / Миң үйдү чаап алыптыр, / Мал-мүлкүн бүтүн алыптыр, / Өздөрүн таштап талаага, / Мүшкүл күндү салыптыр, / Үчкаркыра, Сарарка, / Эки Кемин буларга, / Жөөлөп чубап барыптыр, / Иледеги миң үйлүү, / Ушинтип тентип калыптыр,- / Ушул кабар укканда, / Кыжыр толду Манаска, / Кепти угуп күүлөнүп, / Бузулуп өңү түрлөнүп, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ажыратып атыңан, / Жөөлөтүп таштап нетейин, / Онуңдун алып атыңды, / Кай муратка жетемин? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Куйалы менен Айчүрөк, / Жөөлөп баскан бойунча, / Өтүп кетти күмбөздөн, / Күмбөз далда болгунча, / Куйалы барат жөө басып, / Желжетпеске минбестен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Эрлик менен ченебей, / Эчтемени элебей, / Ат менен барып баш кеспей, / Жөөлөп жетип барыптыр, / Өжөр калмак өлө элек, / Эки бутка капшыра, / Кетелек менен салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →