жөөлү

китептерде 13 жолу, 7 китепте
  1. Катуу ооруганда, ар кандай себептер менен айкын сезимин жоготкондо, эстен танганда байланышсыз сүйлөө же акыл-эстүү адамдын акылына туура келбегендей сөз сүйлөө.
  2. өт. Орунсуз, дайыны жок сөз сүйлөө, тантыроо, дөөрүү, тантуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айтса эле кеп экен, / Жөөлүгөн экен Бактыбай / Мени менен тең бекен?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Отор тойду бергенде, / Сен жөөлүдүң го бокту жеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ээрчип алчу мен бекем, / Эки айактуу бендеде, / Ким экен сендей жөөлүгөн? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жөөлүгөн чөлдө сен болдуң, / Чөккөн арстан мен болдум; / Аңкаган чөлдө сен болдуң, / Алсыз жолборс мен болдум: / Алыңды билбей катылып, / А байкуш бекер торойдуң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Көз алдындагы караңгы бурчту карап жатып, кезек-кезек бирдемелерди кобурап, жөөлүп коёт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →