жөтөл1

китептерде 42 жолу, 7 китепте
  1. Дем алуу органдарын эркин иштетпей, демин ооз аркылуу сыртка чыгарта күрсүлдөтүп, жөткүртө берген илдет.
  2. Ооз аркылуу (көбүнчө дем алуу органдары сезгенгенде ж.б.) демин сыртка чыгарып жөткүргөндө аба менен кошо чыккан үн, табыш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Деп Каракөз айтканда, / Күрс дегинче жөтөлүп, / Көкбөрү башын көтөрүп: / — Тете, Салаа, Каракөз, / Сурасаңар менден сөз, / Бир чатырда турабыз, / Жоголушуп бетме-бет, / Кек алар болсоң кыргыздан, / Кезеги мунун келген кез. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жыгылган жерден кыз балбан, / Желжетпести көтөрүп, / Шыңк эттире жөтөлүп, / Алымсарык баланы, / Чакырып жанга алганы: / — Хан атама айтып кел, / Эмне десе кабарын, / Бала, мага айтып кел. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Торчуларын карасаң, / Торлорун толгоп көтөрүп, / Баш болгон анын чоңдору, / Айбаттанып, сүрдөнүп, / Күрсө-күрсө жөтөлүп, / Он миңи келди жабылып, / Жөө күлүктөн беш миңи, / Жана келди камынып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Момунжандан келатып, / Көргөн кызы ал экен, / Гүлчоро берип көрсөткөн, / Сүрөттө кыз дагы экен, / Жөтөлүп койду Айчүрөк, / Гүлнар өтө сак экен, / Баш көтөрүп Гүлнар кыз, / Чүрөктүн көрүп караанын, / Эсине алды ошондо, / Бакчадан көрүп калганын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Арча тору буудандай, / Секирип түшүп Семетей, / Эрлиги артык түгөнгүр, / Кара ташты көнөктөй, / Көзүнө илбей кенедей, / Аткый карман батмандап, / Кара ташты көтөрдү, / Көтөрүлбөй кара таш, / Күч келгенде жөтөлдү! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →