жөткүр

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Дем алуу органдарынын сезгенишинен улам терең күрсүнө жөтөлүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыргызга барып жеңдирип, / Сатайга такты миндирип, / Жаралуу болуп Батайың, / Кан жөткүрүп Катайың, / Балалык кылып ой кыска, / Ал экөөнүн, Каратил, / Кай кылыгын айтайын!, / Кубалап ийди Оторду, / Качып Отор жоголду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Казатка барып окто өлбөй, / Же кан жөткүрүп үйдө өлбөй, / Душман эмес өзү өлсө, / Карапайым киши эмес, / Катардагы хан өлсө, / Ишибиз биздин оңбостур, / Кабыбыз кийин толбостур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Хан Сыргактын сыр найза, / Тоо томкорот тик сайса, / Оң колтуктун көбүк эт, / Дал өпкөнүн тушу, деп, / Кан жөткүрүп күрсүлдөп, / Чирип өлсүн Чанак, деп, / Манастап Сейит бакырды, / Телкүрөң кулак жапырды, / Сырнайзаны өпкөгө, / Төш жаргыча батырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кан жөткүрүп абакем, / Капталынан жаралуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →