жөнөкөй
- Түзүлүшү, жасалышы, тигилиши ж.б. татаал эмес.
- Иштөөгө, түшүнүүгө ж.б. жеңил, оңой, оордук келтирбейт, кыйын эмес.
- Кандайдыр бир өзгөчөлөнгөн, айырмаланган белгилери жок, кадыресе, кадимкидей.
- Бой көтөрбөгөн, муңайым, токтоо, салмактуу, оор басырык.
- Катардагы карапайым, өзү сыяктуулардан айырмасы жок, башкалар менен бир катар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күн күбүрөп тынч албай, / Түн дүбүрөп уктабай, / Убадасын бекитип, / Бирин бири жекишип, / Жөнөкөй жүргөн элдерди, / Койгону жок шекитип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кездеп атса ок өтпөйт, / Кастап калса чок өтпөйт, / Сайса найза теше албас, / Чапса кылыч кесе албас, / Өздөрүнүн кийгени, / Жөнөкөй кийим буулумдан, / Ар окшобос буруудан, / Теңгечелик ачык жок, / Темирлерден куйулган, / Чарайнасы алдында, / Көй кашканын баарында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сырткы сыны Ыбыкыз, / Мындай бүркүт табылгыз, / Качырганын куткарбай, / Кармаса каны төгүлөт, / Карапайым жөнөкөй, / Сарежий жайы көрүнөт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жөнөкөйдө деле менин элден бир жерим кем тургандай көрүнчү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Тамакты ичип бүткөндө жигит катынын ээрчитип киргенде, кан кызын көрүп бакырып, кызы дагы бакырып кучакташып ыйлап, кан кандыгын күйөөсүнө берип, өзү жөнөкөй киши болуп жатып калат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →