жөнө

китептерде 932 жолу, 10 китепте
  1. Бир жакты көздөй бет алып чыгуу, сапар тартуу, жолго чыгуу, жүрүп кетүү.
  2. Кыймылга келип жылып кетүү, белгилүү бир багыт боюнча ордунан козголо жүрүп кетүү (көбүнчө транспорт каражаттарына карата).
  3. Иши илгери кетүү, иши оңолуу, жакшы жагына баштоо.
  4. Негизги этиштер менен кошо жардамчы этиш катарында колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…үрүп, / Лопнурга койсом белем, — деп, / Аманат койуп бул кумга, / Каңгайга барып келгинче, / Таанылбай калат Чакмакташ, / Элдин көөнү ооруур деп, / Өңөрүп алып жөнөдү, / Майтору кайдан жооруур», — деп, / Лопнурдун бойу Акшордо, / Турган экен Кетиркей, / Эли менен Дүркүрөп, / Эштектин эли бүт калбай, / Чакмакташты көргөндө, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ат берели, Алмамбет, / Биз жөө бассак да көрө, / Алп Жамгырчы, Балта дөө, / Сурап келсе бул экөө, / Бербей койор айла жок, / Сынчыны берди экөөнө, / Сынчыны алып келишип, / Беш жүздөн миң ат беришип, / Аттанып булар жөнөдү, / Жарлык ушул жүр дешип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Андан бери карасам, / Чатырды көрдүм талаадан, / Кетейин деп жөнөсөм, / Туш-тушумдан ат койуп, / Адамдар чыкты аламан, / Сийдигим булут айланып, / Куурулуп калды заманам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жолдошум күндөгү адаты боюнча, алдынан атып жөнөгөн коёнго: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бала жөнөөрдө Гүлдүзар күчүктү кошуп берип: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →